Марал Радиосу

Октябрь айында 12 акча алмаштыруу жайы ачылган

Жыл башынан бери өлкө боюнча 190 акча алмаштыруу жайы ачылган.

Улуттук банктын расмий сайтындагы маалыматтарга таянсак, акча алмаштыруучу жайлардын 12си октябрь айында ачылган.

Үстүбүздөгү жылдын 19-октябрына карата алынган маалыматка ылайык, Кыргызстанда 411 акча алмаштыруучу жай бар экени аныкталган.