Марал Радиосу

Чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган Өзбекстандын жараны кармалды

Баткендеги «Кадамжай унаа жолу» көзөмөл өткөрүү жайынан тууганынын паспорту менен өтүүгө аракет кылган Өзбекстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1991-жылы туулган С.Т аттуу жаран чек ара кызматкерлерине 1991-жылы туурган Д.Т аттуу жарандын паспортун көрсөткөн. Анын сырткы келбетинин шек санаган кызматкерлер текшерүүгө алганда Өзбекстандын жараны тууганынын паспортун көрсөткөнүн моюнга алган.

Тиешелүү документтер толтурулуп кармалган ИИМдин аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.