Марал Радиосу

Ош шаарында жоголуп кеткен 13 жаштагы кыз табылды

Ош шаарында жоголуп кеткен 13 жаштагы Аяна Кочкорбаева өзү жашаган кичи райондон табылды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясы маалымдайт.

Белгилей кетсек, Кочкорбаева үстүбүздөгү жылдын 25-октябрь күнү саат 12:00дөр чамасында Ош шаарынын Райымбеков кѳчѳсүндѳ жайгашкан №7 Нариман орто мектебинен чыгып кеткен бойдон үйүнө келген эмес.

Аны эртеси түшкө жакын Манас-Ата кичи районунан милиция кызматкерлери тапкан. Кызматкерлердин айтымына караганда, кыз үй-бүлөлүк келишпестиктерден улам үйүнөн чыгып кеткен. Түн кирип баратканда өспүрүмдүн көчөдө жүргөнүнөн чочулаган кайрымдуу адамдар чочулап, үйүнө түнөткөн.

Эми кыздын ата-энеси менен сүйлөшүү иштери жүргүзүлөт.