Марал Радиосу

Ошто жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдор жаңыланууда

Ош шаарында жөө жүргүнчүлөр баскан жолдорду жаңылоо боюнча пландык иштер жүрүп жатат.

Ош мэриясынын шаардык жолдор башкармалыгы тарабынын маалыматына ылайык, жөө жүргүнчүлөр баскан жолдорго атайын нымдуулукка туруктуу болгон термопласт материалдары менен жол белгилеринин сызыктары чийилүүдө.

Жол белгилерин жаңылоо иштери Курманжан – Датка, Ленин жана Масалиев көчөлөрүндө жүрүүдө. Аталган иштер 1-ноябрга чейин аягына чыгарылат.