Марал Радиосу

Бишкек шаарында жаңы бульвар курулат

Бишкекте жаңы бульвар курулат. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен кабарлашты.

Маалыматка ылайык,  эс алуу жайы Масалиев көчөсү менен Айтматов проспектисинин кесилишинде жайгашат.

Долбоорду «Бишкек башкы архитектура»  ишканасынын адистери иштеп чыкты. Бульвардын узундугу — 720, туурасы — 130 метр, жалпы аянты 7,36 гектарга жетет.