Марал Радиосу

Кыргыз тилин өнүктүрүүгө салым кошкон милиция сыйланды

Нарында мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө салымын кошкон милиция кызматкери сыйланды. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Нарын ОИИБдин кызматкерлерине мамлекеттик иш кагаздарын жүргүзүү боюнча окуу өткөрүлдү. Анда кызматкерлерге усулдук колдонмолорду таратуу менен бирге иш кагаздарынын туура жүргүзүлүшүн текшерди.

Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө зор салымын кошкондугу үчүн Нарын ОИИБдин штабынын башчысы, милициянын подполковниги Акыл Токтосуновго «Кыргыз милициясына 90 жыл» юбилейлик медалы тапшырылды.