Марал Радиосу

2019-жылга бюджеттин таңсыктыгы 10 млрд сомду түзөт

Бүгүн, 26-октябрда «Өнүгүү-Прогресс» фракциясы “Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоорун карады. Анда келерки жылдын бюджети боюнча Каржы министри Адылбек Касымалиев баяндама жасады.

2019-жылы мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эске алуу менен республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 151 млрд 454 млн сом суммада же ички дүң продуциянын 25%да каралат. Быйылкы жылдын бюджетине салыштырмалуу кирешелердин номиналдык маанидеги көлөмдөрү 7,5% га көбөйөт.

Ал эми 2019-жылга республикалык бюджеттин чыгымдарынын жалпы көлөмү 161 млрд 710 млн сом деңгээлинде белгиленген. бул 2018-жылдын бекитилген бюджетинен 561,3 млн сомго көп.

2019-жылга республикалык бюджеттин таңсыктыгы 10 млрд 256 млн сомду түзөт.

Exit mobile version