Марал Радиосу

Акылбек Жамангуловдун мандаты алынды

Жогорку Кеңештин «Республика — Ата Журт» фракциясынын депутаты Акылбек Жамангуловдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Анын мандаты партиялык тизме боюнча Нурбек Тотоновго берилди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматы билдирди.

Тотоновго бүгүн, 26-октябрда күбөлүк жана төш белги тапшырылды.

Эске салсак, Акылбек Жамангулов «Мегаком» компаниясынын директору болуп дайындалган.