Марал Радиосу

Кыргызстан менен Орусиянын Тышкы иштер министрлери жолукту

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Москва шаарында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Лавров соңку жылдары кыргыз-орус карым-катнашы жаңы деңгээлге чыккандыгын белгиледи. Президенттер бир жылда 4 жолу, ал эми өкмөт башчылары 3 ирет жолуккан.

Ал эми Кыргызстандын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков алдыда да жогорку деңгээлдеги жолугушуулар, иш сапарлары пландалып жаткандыгын айтты.