Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
Анда президент деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок биздин тоолуу өлкө үчүн автомобиль транспортунун жашоо-тиричиликтеги ролу баалуу экенин белгилейт.
Ошондой эле, Транспорт инфраструктурасын өркүндөтүү маселелери негизги социалдык-экономикалык жана саясий милдеттердин бири катары 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында камтылган.
“Бүгүн айдоочулардын эле эмес, механиктердин, диспетчерлердин, автотранспорт ишканаларынын инженер-техниктеринин, оңдоочу жумушчулардын да майрамы. Кыргызстандын автомобиль жана жол чарбасында жакынкы келечекте чоң өзгөрүүлөр болуп, тармак өлкөбүздүн туруктуу өнүгүүсүнө жана жарандарыбыздын турмуш жыргалчылыгынын өсүшүнө кызмат кыларына терең ишенем.”- дейт президент.