Марал Радиосу

Бишкек: Окуучулардын укугун коргоочу ата-энелер комитети түзүлдү

Бишкек шаарында окуучулардын укугун коргоочу шаардык ата-энелер комитети түзүлдү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн, 26-октябрда комитеттин алгачкы жолугушуусу болду. Иш-чарага шаардагы 25 мектептин камкорчулар кеңешинин жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрү катышты.

Комитет ата-энелердин мектеп курагындагы балдарын тарбиялоодогу коомдук пикирин үйрөнүп, аларды маалыматтык жана уюштуруучулук жактан колдоону көздөйт.

Жолугушууда окуучулардын укугун коргоо, билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, коопсуздукту сактоого багытталган демилгелер жана долбоорлор талкууланды.