Марал Радиосу

Бишкекте инклюзивдик бий мектеби ачылат

29-октябрда Бишкекте инклюзивдик бий мектеби ачылат. Бул тууралуу “Love Life” коомдук фондунун маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта өлкөдө алгачкы жолу мүмкүнчүлүгү чектелгендерге бий үйрөтүлүп, кийинчерээк паралимпиадалык чемпионатта Кыргызстандын атынан катышууга шарт түзүлөрү айтылат.

Бий мектеби мүмкүнчүлүгү чектелгендерди жана жалпы жарандарды инклюзивдик бий менен тааныштыруу максатында иштейт. Мында бир гана спорттук бий менен алектенбестен, йоганы жана дем алуу көнүгүүлөрүн да үйрөнүүгө болот.