Бүгүн, 25-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында айлык акылардын ортосундагы чоң айырмачылыктар боюнча маселе көтөрүлдү.
Депутат Максат Сабиров буга чейин бир катар кесиптештеринин эмгек акы боюнча көтөргөн маселелерин улап, кээ бир мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акысы 3миң сом болсо, кээ бирлериники 60 миң сом экенин, эмгек маяналардын көлөмүндөгү мындай чоң айырмачылыктарды иликтеп, теңдештерүү керек деди.
Бүгүнкү күнү мамлекеттик кызматкер кандай маяна алып жатат жана алардын ортосунда кандай айырмачылык бар? Бул тууралуу “Күн чекит” программасында экономика илимдеринин доктору, профессор Чолпон Алкадырова менен маектештик.
—Эл өкүлү белгилегендей мамлекеттик кызматкерлердин маянасында чоң айырма болуп жатабы?
—Азыркы тапта мамлекеттик кызматкерлердин маянасынын ортосунда чоң айырма бар. Анткени бизде мамлекеттик кызматта иштеген кызматкерлердин айрымдарында өзгөчө статус бар. Ал эми билим берүү, медицина тармагында иштегендер мамлекеттик кызматкерлер эмес, бирок айлыкты бюджеттен алышат. Ошон үчүн алардын статусу башка болгону менен ала турган акчасы бир жерде болуп жатат. Бирок алардын ортосунда төлөмдөрү, эсептери эки башка. Муну эске алганда көтөрүлүп жаткан маселе абдан туура. Айлыкта маселе бар экенин буга чейин деле айтып келгенбиз. “Мамлекеттик кызматкер» деген статусу бар кызматкер гана кишилердин мамлекеттен алган акчасына көзөмөл болуп, калган структуралардагы кызматкерлердин маянасын такыр башка методика менен эсептеш керек. Анткени ал жерде базар экономикасына жараша ушундай болуп калган.
—Анда маяна калыс бөлүштүрүлүп берилиши үчүн кайсы медотиканы колдонушубуз керек?
—Жеке менин оюмча, башында биз маяна боюнча саясатты туура эле баштаганбыз. Мамлекеттик кызматта эмес иштеген адамдарга кошумча акча берүү үчүн атайын эсептер бар болчу. Кийин Каржы министрлиги бюджеттен кошумча каражат алган мамлекеттик мекемелерден эсептерди толугу менен алып салган. Ошондо социалдык тармактарда иштеген кызматкерлердин маяналары кескин түшүп кеткен. Натыйжада көп кызматкерлер бул тармактан кете баштады. Азыр бир эле жумуш ордунда иштигендерди көрбөйсүң. Көбү эле түшкө чейин өз адистиги менен иштесе, калган маалда коммерциялык иштер менен алектенип калышты. Ошол тартипти кайра артка кайтарышыбыз керек.
—3 миң сом алган кызматкер менен 60 миң сом маяна алган кызматкердики кандайча теңелиши керек? Кызматкердин артыкчылыктары кандай бааланууга тийиш?
—Айына 3 миң сом алып жаткан кызматкерлердин көбүнчөсүнүн билимдери жогору эмес. Орто билим алгандар. Же такыр эле билими жоктор. Ошондуктан эң минималдуу айлык акы бекилип калган. Эми ошол методиканы такыр башкача кылыш керек. Бюджеттен гана алынган акчаларды эсептөө системасын азыркы мамлететтик кызматкерлерге калтырып, башка социалдык тармактарда иштеп жаткан бирок «мамлекеттик кызмат» деген статусу жок кишилерге башка методика каралышы керек. Айрым мекемелерге атайын эсептерди алганга уруксат берилсе, ошол акчадан социалдык тармактагы адамдардын маянасын жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзүлмөк.
-Маегиңизге рахмат!