Марал Радиосу

Абылгазиев Баткенде мектеп, бала бакчанын ачылышына катышты

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусуна бир күндүк жумушчу сапарынын жүрүшүндө Көк-Таш айылындагы орто мектептин ачылышына катышты.

Анда ал билим берүү тармагына жыл сайын 30 млрд сом бөлүнөрүн айтып, быйыл 165 объект ишке берилерин белгиледи.

Мындан тышкары Лейлек районуна караштуу Тогуз-Булак айылындагы «Тогуз-Булак» орто мектебинин ачылышына катышты. Бул мектептер 225 окуучуга эсептелген.

Өкмөт башчы ошондой эле, Лейлек районунун Кара-Таш айылындагы бала бакчаны да ачты.