Марал Радиосу

Билим берүү уюмдары кыш мезгилине 76 пайыз даяр

Билим берүү уюмдары кыш мезгилине 76 пайыз даяр. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова парламент жыйынында депутаттардын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Депутат Төрөбай Зулпукаров айрым аймактарда окуучулар дагы деле чатырда окуп жатышканын, алардын тагдыры кышында эмне болоруна токтолду.

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Канат Аширбаев “Марал” радиосуна берген маегинде, бюджеттик-социалдык мекемелерге 246 миң тонна, ошондой эле элдин керектөөлөрүнө 1 млн 83 миң тонна көмүр даярдалышы зарылдыгын айткан.