Марал Радиосу

Парламент Жаманкуловдун министр болуусуна макул болду

Маданият, маалымат жана туризм министри кызматына Азамат Жаманкуловдун талапкерлигин Жогорку Кеңештин 105 депутаты колдоду.

Азамат Жаманкуловду бул кызматка өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев сунуштаган. Ал буга чейин министрликтин алдындагы Туризм департаментин башкарып келди.

Белгилей кетсек, 17-октябрда Маданият, маалымат жана туризм министринин милдетин аткаруу Бакытбек Секимовго жүктөлгөн.

Буга чейинки министр Султанбек Жумагулов 8-октябрга караган түнү оорудан улам каза болгон.