Марал Радиосу

Парламент Улукбек Кочкоровдун талапкерлигин колдоду

Жогорку Кеңештин 105 депутаты Эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызматына Улукбек Кочкоровдун талапкерлигин колдоду.

Кочкоров бул кызмат жоопкерчиликтүү экенин айтып, эл өкүлдөрүнө колдошкону үчүн ыраазычылык билдирди.

Кошумчалай кетсек, 24-октябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев аталган кызматка Улукбек Кочкоровду көрсөткөн болчу. Кочкоров Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты жана буга чейин УКМКда эмгектенген.