Марал Радиосу

Чыңгыз Айдарбеков Москвага жумушчу сапары менен барат

26-октябрда Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Москва шаарына жумушчу сапары менен барат. Бул тууралуу министрликтин маалымат катчысы Уланбек Дыйканбаев билдирди.

Анда ал орусиялык кесиптеши Сергей Лавров менен жолугат. Бул Айдарбековдун министр катары чет өлкөгө болгон биринчи жумушчу сапары.

Эске салсак, өткөн жумада премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев сунуштаган Чыңгыз Айдарбеков тышкы иштер министри болгон.