Марал Радиосу

ЖК комитети эки министрликке талапкерлерди жабык кароодо

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитети Эмгек жана социалдык өнүгүү, Маданият, маалымат жана туризм министри кызматына сунушталган талапкерлерди жабык карап жатат.

Эки министрликтин жетекчилигине талапкерлерди биринчи-вице-премьер министр Кубатбек Боронов тааныштырууда.

Эске салсак, 24-октябрда жогоруда айтылган министрликке талапкерлерди өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев сунуштаган.