Марал Радиосу

Өкмөт башчы Баткенге иш сапары менен барат

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жумушчу сапары менен Баткен облусуна барат. Анда ал Баткен жана Лейлек райондорундагы мектеп, бала бакчанын ачылыш салтанатына катышат.

Ошондой эле ал кесиптик лицейдин курулушунун жүрүшүнөн кабар алып, Исфана шаарындагы көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер И.Раззаковдун эстелигине гүл коет.

Мындан тышкары айыл чарба көргөзмөсүнө, Лейлек районунун 90 жылдыгын белгилөөгө катышмакчы.