Марал Радиосу

Кыргызстанда терроризм боюнча соттолгондор көбөйдү

Кыргызстанда терроризм жана экстремизм боюнча соттолгондордун саны өсүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын башчысы Таалайбек Жапаров Бишкекте өткөн жыйында айтты.

Ал белгилегендей, Жаза аткаруу кызматында терроризм боюнча соттолгондорду негизги соттолуучулардан бөлүү маселеси каралып жатат.

Белгилей кетсек, Бишкекте “Абактарды натыйжалуу башкаруу боюнча Борбор-Азия диалогу” аттуу эл аралык жыйын өтүүдө. Анда экстремизм жана радикализм бүтүндөй дүйнөгө коркунуч алып келип жатканын Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Робин Орд-Смит белгиледи.

Сирия сыяктуу согуш болгон жерлерден келген адамдарга демократиялык жол менен мамиле кылуубуз керек. Эгер биз аны жасабасак, биз радикалдардын кийинки өсүп келе жаткан муундарына дем бергендей болобуз. Эл аралык конвенцияга ылайык, аларга да башкаларга берилгендей эркиндик берилиши керек. Абакта отурган адамдарга да чыкканда коомго коркунуч алып келбегидей болуусу үчүн жакшы мамиле жасалышы керек”, — дейт Смит.