Марал Радиосу

Никеге тургандардын 20 пайызы ала качуу менен баш кошкондор

Кыргызстанда жылына 45 миңдей түгөй никеге турат, анын 20 пайызы ала качууга байланыштуу. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште акыйкатчы Токон Мамытов отчет берип жатып билдирди.

Анын айтымында, жогоруда көрсөтүлгөн 20 пайыздын 6 пайызы күч колдонуу менен ишке ашат.

2014-2015-жылдары ала качуу фактысы боюнча 72 иш козголгон. Алардын ичинен ар бир бешинчиси тараптарды кабыл алуу менен аяктаган. 2017-жылы сотко 13 иш өткөрүлүп берилген.

Exit mobile version