Марал Радиосу

Милиция кызматкерлеринин айлык акысы көтөрүлүшү мүмкүн

2020-жылдын 1-январынан тарта милиция кызматкерлеринин айлык акысы көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу ички иштер министри Кашкар Жунушалиев билдирди.

Анын айтымында, учурда аталган мыйзам долбоору парламентте каралып биирнчи окуудан өттү.

Мыйзам колдоо тапса пенсия жана социалдык пакет дагы көбөйөт, бирок булардын баары өз-өзүнчө каралат.