Марал Радиосу

Бишкекте быйыл ымыркайларды сатуу боюнча 4 факты катталды

Бишкек шаарында медициналык кызматкерлердин ымыркайларды сатуусу боюнча 4 факты катталды.  Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Сталбек Рахманов ИИМдин отчеттук жыйынында билдирди.

Аталган факты менен кармалгандар камакта, ал эми 1 адам үй камагында отурат.

Кармалгандарга Кылмыш жаза кодексинин “адам сатуу”(124), “мыйзамсыз аборт кылуу”(116), “жасалма документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, печаттарды жана бланкаларды жасоо” (350) беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Ал эми ымыркайды сатып алгандар Орусиянын жарандыгын алып, ал жакта жашап жана иштеген кыргыз жарандары экендиги аныкталган.