Марал Радиосу

ИИМ: Оптимизациянын алкагында штат кыскартылды

Ички иштер органдарын оптимизациялоо менен Борбордук аппараттардан 625 бирдик кыскартылды. Бул тууралуу Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев билдирди.

Анын маалыматында, 100 бирдик милициянын аймактык башкармалыктарына, 25 штаттык бирдик жашы жете электер менен иш алып баруучу инспекцияларга, 45 штаттык бирдик нөөмөт бөлүмдөрүнө өткөрүлүп берилди.