Марал Радиосу

Зулушев: Экс-президенттин кол тийбестигин алып салууну сунуштадык

«Президенттин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунушталган нормада экс-президенттин кол тийбестиги алынып салынган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Эл өкүлү муну менен катар «Башкы прокурор экс-президенттин моралдык, материалдык укуктарын коргойт» деген бөлүк дагы алып салынганын айтат.

«Бирок экс-президентке депуттардын статусуна теңелген укук бергенбиз. Конституциялык палата акыркы эки чечимин дагы бизге милдеттендирип койду. Эми аны аткарышыбыз керек», — дейт Зулушев.

Эске салсак, парламент депутаттары Исхак Масалиев менен Курманкул Зулушев экс-президенттин чексиз кол тийбестик укугун азайтып, аны депутаттыкы менен теңдештирүүнү караган мыйзамдык өзгөртүүлөрдү сунушташкан.