Марал Радиосу

Мыйзам кабыл алууга 2 жыл мораторий киргизүү сунушталды

Кыргызстанда мыйзам кабыл алууга 2 жыл мораторий киргизүү зарыл. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди. Анын айтымында, Баш мыйзамга карама-каршы келген мыйзамдар көп.

«Аларды өзгөртүүгө мезгил келди. Тилекке каршы оңдоого толук мүмүнчүлүк жетпей жатат. Мыйзамдарга ревизия жүргүзүү мезгилдин талабы. Буга президент да көңүл бурушу керек деп ойлойм», — дейт Зулушев.