Марал Радиосу

Жээнбеков менен Атамбаевдин ишине саясий, коомдук баа берилет

24-ноябрда саясий жана жарандык коом тарабынан уюштурулган республикалык курултай өтөт. Анда өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун бир жылдык, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 6 жылдык ишине саясий, коомдук баа берилет. Бул тууралуу саясатчы Азимбек Бекназаров «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Иш-чарага бир топ партия лидерлери, депутаттар, экс-спиркерлер, мурдагы премьер-министрлер катышат.

Бекназаровдун айтымында, азыркы кырдаал Жээнбеков менен Атамбаевдин тирешине байланып калган. Сырттан караганда инвестиция, экономикалык өсүү жок. Саясий, укуктук реформалардын аты да чыга элек.

Бекназаров: Атамбаев менен Жээнбековдун ишине баа берген курултай өтөт

 

Exit mobile version