Марал Радиосу

Касмамбетова: Жөө жүргүнчүлөрдү да жоопко тартуу механизми жок

Жол кырсыгы көпчүлүк учурда айдоочунун эреже бузгандыгынын кесепетинен катталат. Ошол эле учурда эреже бузган жөө жүргүнчүлөрдүн да жоопкерчилигин кароо маанилүү экенин эксперттер айтып келишет. “Күн чабыт” программасынын бүгүнкү чыгарылышында ушул темага кайрылдык. Суроолорубузга “Жол коопсуздугу” коомдук уюмунун башчысы Чынара Касмамбетова жооп берди.

Марал: Жол кырсыгы катталган учурда дайыма айдоочуларды күнөөлөйбүз. Бирок биздин өлкөдө жөө жүргүнчүлөрдүн да жоопкерчилиги каралганбы?

Чынара Касмамбетова: Кыргызстандын аймагында жөө жүргүнчүлөргө да айып пул каралган, ал административдик кодексте жазылган. Бул мыйзам ишке киргенден бери жөө жүргүнчүлөр туура эмес жол тилкесинен өткөн учурда жол кырсыгына алып келбеши үчүн 500 сомдон айып пул салынат.Бирок анын механизми кандай түрдө жүрүш керек деген маселе жакшы каралган эмес. Мисалы, эгер жөө жүргүнчү туура эмес жерден өтүп, эреже бузган учурда жанында тыйын жок болсо кандай кылат? Бул жагы каралган эмес.

Армениянын тажрыйбасын карасак, анда жарандардын баары жанында паспорт алып жүрүшөт. Эреже бузган учурда паспорту боюнча жашаган жерин аныктап, айып пулдун көлөмү канча болсо ошол сумманы кат түрүндө үйүнө жиберет, аны сөзсүз төлөш керек болот. Бизде да ушундай сыяктуу механизмдерди иштеп чыгыш керек. Бүгүнкү күндө бул маселе маал-маалы менен көтөрүлүп калып жатат, бирок алгач механизмдерди иштеп чыгуу зарыл.

Марал: Бирок ошол эле учурда жөө жүргүнчүлөрдүн эреже бузганын кантип тескөө керек? Анан жолдун ортосуна чыгып алып, кайыр сурагандарды да тескеш керекпи?

Чынара Касмамбетова: Тилекке каршы, Бишкек шаарында жолдо туруп кайыр сурагандар абдан көп. Муну сөзсүз жөнгө салып, жоопкерчиликке тартыш керек. Себеби алар жолдогу абалга таасирин тийгизет. Мисалы, мен айдоочу катары кетип бара жатып, жолдо туруп алгандарды айланып өткөнгө аракет кылам деп башка машинеге жакын айдап калам. Ошондуктан укук коргоо органдары тарабынан алар дагы башка жөө жүргүнчүлөр сыяктуу эле деңгээлде жоопко тартылышы зарыл.

Марал: Сиз айтып жаткандай катуу чаралар кайсы мамлекетте киргизилген?

Чынара Касмамбетова: Жөө жүргүнчүлөрдүн жоопкерчилигин караган мыйзам, катаал чаралар коңшу Казакстанда эле иштейт. Анда жөө жүрүүчүлөргө карата атайын саясат жүргүзүлүп, катуу тартип каралган. Андан бюджетке олуттуу эле айып пул түшөрүн билебиз. Дагы башка өлкөлөрдө айып пулдан тышкары катуураак чара көрүү керек деген сунуштар да айтылып жүрөт. Себеби айып пулду төлөп коюп, кутулуп кетиши мүмкүн. Ошондуктан так механизмди киргизип, чара көрүлсө жөө жүргүнчүлөрдүн жолдо жүрүү маданияты калыпка салынат.

Exit mobile version