Марал Радиосу

«Бишкек башкы архитектура» ишканасы Курулуш агенттигине кайтарылды

Бишкек шаарынын архитектура жана шаар курулуш башкы башкармалыгы Өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин карамагына кайтарылып берилди. Тийиштүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун, өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Бишкек шаардык архитектура башкы башкармалыгы шаар аймагындагы архитектуралык-курулуш ишмердүүлүгү жаатындагы саясатты иштеп чыгуу, ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдын аймактык түзүмү аткарчу саясат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы катары мэриянын жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана шаарды жасалгалоо боюнча түз функционалдык милдеттенмелери аралашып калган.

Буга байланыштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна жана Бишкек шаарынын мэриясына өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирүү жана ушул токтомдон келип чыккан башка чараларды көрүү тапшырмасы берилди.

Exit mobile version