Марал Радиосу

Путин Украинага каршы санкцияларга кол койду

Орусиянын лидери Владимир Путин Украинага каршы киргизилчү санкцияларга кол койду. Бул тууралуу Кремлдин маалымат кызматы жарыялады.

Аталган санкциялар Украинанын Орусияга каршы душмандык мамилелери жана эл аралык нормаларды сактабагандыгы үчүн кабыл алынганы айтылууда. Бул чектөөлөр 22-октябрдан баштап күчүнө кирип, Украина жогорудагыдай каршы кадамдарынан баш тартса гана кайра артка кайтарылары белгиленди.

Коммерсантъ басылмасынын жазганына караганда, орус бийлиги санкциялардын ички маңызын иштеп жаткан учуру. Буга байланыштуу аталган токтом бир нече украиналык ири ишкер, саясатчы, компанияларды камтуусу мүмкүн.

Эске сала кетсек, Крымдын Орусия тараптан басып алынышы жана Донбасс аймагындагы эки өлкөнүн кагылышуусунан кийин Украина орусиялык 1228 адамга жана 468 ишканага санкция киргизген. Ага ылайык, жогорку макамдагы чиновниктери, бизнесмендери жана ЖМК өкүлдөрү Украинага кире алышпайт жана алардын Украинадагы мүлктөрү мамлекеттин казынасына өткөрүлгөн.