Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандагы үч жолго акы алына турган болот

Күн чекит | 22 Окт 2018 | 1848 | 1

Өкмөт Кыргызстанда акы төлөнүүчү жолдор боюнча мыйзам долбоорун карап жатат. Бул маалымат Жогорку Кеңештин тиешелүү комитет жыйынында айтылды. Бүгүнкү күнү мыйзам долбоорунун канчасы даяр болду жана анда камтылган жагдайлар тууралуу «Күн чекит» программасында Транспорт жана жолдор министрлигинин автожол башкармалыгынын башкы адиси Мухтар Нурлан уулу айтып берди.

Акы төлөнүүчү жолдор качан кирет? Бүгүнкү күнү долбоордун канча пайызы даяр болуп калды?

Азыркы күндө акы төлөнүүчү жолдор боюнча мыйзам долбоорунун 50 пайызы даяр болуп калды. Бирок толук качан жана кайсы күнү бүтөөрүн азырынча так айта албайбыз. Анткени мыйзамга азыр дагы айрым толуктоолор кирип жатат. Бирок жолдорду акылуу кылуу бизге керек. Анткени Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан автоунаа жолдорун тейлөө кыйынчылыкты туудурат. Экинчиден, республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаты жолдорду талапка жооп бергидей кармоого өтө аздык кылат. Көйгөйлөрдү тез чечиш үчүн акы төлөнүүчү жолдорду киргизүү өкмөттүн, анын ичинде биздин министрликтин приаритеттүү пландарынын бири.

— Акы төлөө республикадагы кайсы жолдорго кирген турат?

Аларды айтып өтсөк, Бишкек –Ош жолунун Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жол. Себеби бүгүнкү күнү шаардын ичиндеги жолдо автоунаа тыгыны абдан көп болуп жатат. Андыктан азыркы күндө жолдун долбоору иштелип чыккан. Жеке компаниялар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Экинчиси Кара-Балта- Чалдыбар жолу. Андан тышкары, Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун Кубакы- Балыкчы жолун кыскартуу үчүн Кубакы ашуусу кирет. 147-чакырымдан башталып, 214-чакырымга чейин кошулат. Ошондо 41 чакырым кыскарат. Мунун альтернативасы Кубакы ашуусу болуп калат. Азыркы күнү пилоттук долбоор катары киргизүү үчүн жумуштар алып барылууда. Ошону менен үч жолду акылуу кылуу жумуштары жүрүп жатат.  

 -Акынын суммасы канча деп эсептелди?

Ушул негизги үч жолду пилоттук кылып киргизебиз. Жакшы натыйжа берсе, Түндүк-Түштүк альтернативдик жолун дагы акы төлөнүүчү жолдорун катарына киргизүү боюнча, пландар бар.

Бирок азырынча ар бир автотраспорттон мынча сомдон акы алынаары боюнча так механизм иштелип чыга элек. Анда автоунаанын көлөмүнө, тибине жараша акынын суммасы иштелип чыгат. Андан соң коомдук талкууга коюлат жана элге маалымат берилет.

-Маегиңизге рахмат!

 

1 пикир

1 пикир

  1. таалай

    23.10.2018 19:46

    Апендиге окшоп;тушунордо байып кетпей Туштук-тундук жолун бутуп алсанар.Ананкалганына жетишеерсинер.

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM