Марал Радиосу

Мээнетти текке кетирген арзанчылык

Быйыл өлкөдө картошканын баасы арзан болушу дыйкандардын нааразычылыгын пайда кылды. Учурда бир килограммдын баасы 5 сомдон болууда. Бул баа продукцияны өндүрүүгө кеткен мээнетти, чыгымдарды актабайт. Айыл чарба министрлиги өткөн жылы ушул убакта картошканын бир килограммы 10-11 сомдун тегерегинде сатылганын айтып, алдыда баа көтөрүлө турганын кабарлады.

Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы дыйкан Кылыч Осмонов 1 гектар жер аянтына картошка эккен. Картошканы өстүрүп, түшүмүн алгыча 127 миң сом чыгым кетирген. Дыйкан бүгүнкү күндө картошканын баасы 5 сомдон болуп жатканын айтып, чыгым да акталбай банкрот болгонун билдирди.

-Картошканын баасы жок дегенде, 8-9 сом болгондо чыгымды, жаап, кичине болсо да пайда калмак. Бирок баа 5 сом болуп банкрот болуп калдык. Казылган картошканы үйгө алып келип, сорттоп койдук. Эгин эккенден дагы коркуп калдык. Буудай сепсек, анын баасы төмөн, сарымсак эксек, сатылбайт. Азыр картошка арзан болсо деле акча керек болуп күнүнө аз-аздан сатуудабыз.

Быйылкы жылы картошканын баасы арзан болуп, дыйкандардын мээнети акталбай жатат. Тиешелүү мекеме картошкага болгон баанын төмөндөшү жылда түшүм жыйналган убакта шарттуу түрдө боло турган көрүнүш деп айтууда. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев баалар төмөн болуп жатканын белгилеп, бирок ноябрь айында көтөрүлөрүн билдирди.

-Ноябрдын орто ченинде картошканын баасы жогорулайт деп божомолдоп жатабыз. Ошондуктан дыйкандар айыл чарба продукцияларын жана картошканы кампасында сактап турушса жакшы болот. Себеби жылына бышыкчылык убакта, айрыкча октябрь айында баалар төмөн болгон. Былтыр ушул мезгилде картошканын баасы 10-11 сом болгон. Быйыл 6 сом болуп жатат. Бул коңшу Казакстан менен Өзбекстанда дагы картошканын баасы 5 сом болуп жатканына байланыштуу.

Жыл башында Өзбекстанга Кыргызстандан 500 тонна картошка экспорттоо боюнча келишимге кол коюлган. Бирок иш жүзүндө аткарылбай жатканын парламентте депутаттар айтып чыккан. Ал эми тиешелүү министрлик маалыматты четке кагып, экспорт болуп жатканын билдирди. Бирок аз көлөмдө жөнөтүлүп жатканы белгилүү болду.

Депутат Кенжебек Бокоев айыл чарба министрлиги элге эгин эгүүгө жана продукциясын сатууга  жардам берүү маселесин чечип бере албай келе жатканын айтып, сынга алды.

-Министрлик буга чейин эле картошканы сатуунун багыттарын аныктап коюшу керек эле. Маселен, Казакстанга сатса болот. Алматы, Тараз шаарларына сатууну сүйлөшүш керек болчу. Ошондой эле Өзбекстанга да сатуунун багыттарын карап чыкса болот. Сатуунун багыттарын аныктап туруп, ар бир райондун акимдери аркылуу дыйкандарга семинар өткөрүш керек.  

Адистер айыл чарба министрлигинин багыт берүү саясаты жок экенин айтышса, министрлик жер дыйкандын менчиги болгондуктан, кийлигише албайбыз деп ийнин куушурууда.

Демейде, айыл чарбада аргасыз абал жаралып келет. Түшүм көп болсо да, аз болсо да зыян. Арбын болгон чакта, өндүрүүчүлөр сата албай убара тартышса, аз болгон күндө баасы асмандап кардарлар капчык кайгысын тартышат. Алдыдагы жылда картошканын баасы кандай болору тууралуу азырынча так анализ жок экенин экономист Эркин Абдыразаков айтат.

-Иш жүзүнө келгенде эле өкмөт «мындай болбой калды, тигиндей болду» деп күнөөнү башкадан издеп калат. Эң башкы трагедия ушунда болуп жатат. Ошондуктан илгеркидей даярдоо кантораларын ачуу керек. Алар дыйкандардын түшүмүн сатууга жардам берет. Эмне ар бир дыйкан бирден фураны айдап алып өздөрү коңшу мамлекеттерге алып чыгып сатмак беле?

Быйыл Кыргызстанда 84,5 миң гектар аянтка картошка айдалган. Андан 1 млн 450 миң тонна картошка өндүрүлгөн. Бул көрсөткүч башка жылдарга караганда, 50 миң тоннага көп болгон.

 

Exit mobile version