Марал Радиосу

Чаек айылдык кеңеши таркатылып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт

Президент Сооронбай Жээнбеков Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеңешин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө Жарлыкка кол койду.

Жергиликтүү кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2-декабрга дайындалды.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жогоруда аталган өкүлчүлүктүү органына мөөнөтүнөн мурда шайлоону мыйзамдарына ылайык өткөрүү тапшырылды.