Марал Радиосу

Жал кичи районунда сейил багы ачылды

Жал кичи районунда сейил багы ачылды. 20-октябрда сейил бактын салтанаттуу ачылыш аземи болуп, ага Бишкек шаардык кенешинин төрагасы Жаныбек Абиров катышты.

Сейил бакты ачууга шаардык бюджеттен 3,5 млн сом бөлүнгөн. Андагы көрктөндүрүү иш-чаралары эки айда бүттү. Аны түзүүнү жергиликтүү тургундар демилгелешкен.