Марал Радиосу

Кытайда дүйнөнүн эң узун деңиз үстүнөн өтчү көпүрө ачылат

Кытайдын Гонконг шаары менен Макао районун бириктирип турчу деңиз үстүнөн өткөн көпүрө бул апта ишке берилет. Көпүрөнүн узундугу 55 чакырым болуп, бюджети 20 милиард долларды чапчыды. Долбоор 2016-жылга бүтүүсү пландалганына карабай, ар түрлүү себептерден улам эки жылга создукту.

24-октябрь күнү болчу ачылыш салтанатына өлкө президенти Си Цзинпинь мамлекеттик жогорку макамдагы чиновниктер менен бирге катышуусу күтүлүүдө.

68 миллион калкы бар Гонконг менен Макаону байланыштырып турчу көпүрө дүйнөдөгү эң узун деңиз үстүндөгү жол Кытайдын “Улуу булуң” (Great Bay Area) долбоорунун негизги бөлүкчөсү.