Марал Радиосу

Министрлик: өлкөдө буудайдын түшүмү мол болду

      Кыргызстанда быйыл буудайдын түшүмү быйыл орто эсеп менен гектарына 26,7 центнер болду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Өлкө аймагында буудайдын түшүмү 676,8 миң тонна болуп, 2017-жылкыга караганда 37,4 миң тоннага  көп болду. Эң көп түшүм алуу боюнча облустар арасында 1-орунда Жалал-Абад облусу болуп, гектарына 31,1 центнер,  ал эми 2-орунду Талас облусу гектарына 29,8 центнер алган.

Ал эми райондордун арасында алдыңкы орунда Нооокен жана Базар-Коргон райондору, Ысык-Ата, Кара-Буура, Чүй, Сокулук жана Кара-Суу райондору турат.