Марал Радиосу

Соцтармак: Илмиянов Орусиядан Нью-Йоркко учмак

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси болгон Икрамжан Илмиянов Орусиядан Нью-Йоркко учууну пландаган. Анын учуу талондорунун сүрөтү жарыяланып, анда Дубай аркылуу учары көрсөтүлгөн.
Учуу талондору Илмияновду колго түшүргөн учурда укук коргоо кызматкерлери тарабынан алынгандыгы айтылууда.

Бүгүн, 20-октябрда анын баш коргоо чарасы каралып, 28-ноябрга чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Илмиянов Кылмыш жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) боюнча айыпталууда.

Эске салсак, 20-октябрга караган түнү Икрамжан Илмиянов Москвада кармалып, Бишкекке алып келинген.

КСДП партиясы Илмияновдун кармалуусун саясий шоу деп сыпаттоодо