Марал Радиосу

Бишкекте унаа жолдон өтүп бараткан кызды сүзүп кетти

Бишкек шаарындагы  Шабдан баатыр көчөсүндө жеңил автоунаа жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдон өтүп бараткан кызды сүздү. Бул тууралуу Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, кырсык саат 9:30 чамасында орун алды. Жабырлануучу кыз ооруканага жеткирилди. Аны сүзгөн Хонда Цивик унаасынын айдоочусу 40 жаштагы жаран экени аныкталды. Унаа айып аянтчага киргизилди, учурда тергөө иштери жүрүүдө.