Марал Радиосу

Айдоочулардан түшкөн айып пулду өзүнө ыйгарып алуу фактысы аныкталды

Улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы кызматы айдоочулардан түшкөн айып пулду өзүнө ыйгарып алуу фактыларын аныктады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык сот органдарынын айрым кызматкерлери мас абалында унаа башкарган айдоочулар төлөгөн административдик айып пулдарды өздөрүнө ыйгарып алып турушкан. Мындан сырткары алар айрым учурларда эреже бузган айдоочуну катыштырбастан соттук отурумдарды өткөрүүгө жол беришкен.

Ошондой эле Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери соттун чечими чыкканга чейин автоунааларды айып аянтчасынан чыгарып жиберген фактылар аныкталган.

Мындан сырткары 5 күнгө камакка алуу тууралуу соттун чечими Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына жөнөтүлгөн эмес. Бул себептүү соттун чечими аткарылбай, эреже бузгандар жазага тартылбай калган.

Аныкталган фактылардын негизинде Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө үчүн УКМКга өткөрүлүп берилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.