Марал Радиосу

Икрамжан Илмиянов кармалды

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси болгон Икрамжан Илмиянов Москвада кармалып, Бишкеке алып келинди. Бул тууралуу маалыматты  УКМК тастыктады.

Бүгүн түнү Москва-Бишкек рейси менен Илмиянов  укук коргоо органдарынын коштоосунда келгенин көргөн күбөөлөр болгон. Анда Илмиянов сакал коюп алганы айтылат.

Эске салсак, Икрамжан Илмияновго коррупция боюнча сырттан айып тагылган.  Ага Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан издөө жарыяланган.