Марал Радиосу

Кара-Сууда 16 жаштагы Айдай изделүүдө

Ош облусунун Кара-Суу районунда 5-октябрдан бери 16 жаштагы Айдай Кушбак кызы изделүүдө. Мады айыл өкмөтүнүн Кыргыз-Чек айылынын тургуну Айдай Ош шаарындагы сулуулук салондордун биринде иштеген.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, ал 5-октябрда адаттагыдай эле өзүнүн жумушуна кеткен. Жумушу бүткөн соң салондон чыгып кеткен боюнча аны эч ким көргөн эмес.

Айдай 9-классты аяктаган соң иштей баштаган..

Анын туугандары Айдайды издөөгө жардам сурашат. Байланыш үчүн телефондор: 0559551639(агасы Айбек Балтабаев) же “102” кызматына милицияга байланышка чыксаңыздар болот.