Марал Радиосу

ӨКМ Төө-Ашуудагы кырдаалдан кабар алды

Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов министрликтин Бишкек-Ош унаа жолунда жайгашкан күч-каражаттарын карап чыкты.

Ал Чүй облусунун Жайыл районундагы «Сосновка» постунда жолдо жүргөн жүргүнчүлөргө, айдоочуларга уюштурулган атайын жылынуучу жана тамак берүүчү жайда болду. Аталган пунктта ӨКМдин өздүк курамы жана тез жардам кызматы турат.

Министр ошондой эле Төө-Ашуу ашуусундагы куткаруучу топтун даярдыгы, техникалардын абалы менен таанышып, чукул кырдаалда күчөтүлгөн режимде иштөө керектигин айтты.