Марал Радиосу

Сооронкулова: Коррупцияга аралашкан сотторду декларация менен аныктоого болот

Бүгүн Кыргызстандын сот тармагындагы эксперттери сот системасындагы коррупцияны азайтуу жолдорун сунуштады. Бишкекте өткөн тегерек столдо жүргүзүлгөн изилдөөдөнүн жыйынтыгы менен бир катар багыттар айтылды.

Социалдык сурамжылоого катышкан жарандардын дээрлик 78 пайызы Кыргызстандын эң чоң көйгөйү бул, коррупция деп көрсөтүшкөн.  Ал мамлекеттик органдардын баардыгында бар жана эң чоң көрсөткүч сот системасында дешкен. Бирок аны менен күрөшүүгө мамлекет тараптан аракеттер көрүлүп жатат дегендер 17 гана пайызды түзгөн.

Эксперттер  сот тармагындагы коррупцияны жоюнун бир канча жолун айтып чыгышты. Негизгиси мамлекеттик кызматкерлердин декларацияларын дыкат текшерүү керек. Анын ичинде соттордукун эки эсе кароо талабын коюу керектигин Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова белгилеп жатат. Болбосо соттор ачык эле жылдык  кирешесин  80 миң доллар жана буга кошумча хансарайлар, кымбат автоунааларды көрсөтүп калды. Ошондуктан бар маселени «мыйзамсыз баю» беренеси менен жөнгө салса болот, деди.

Президенттин мамлекеттик кызматкерлердин декларацияларын текшериш керек дегени абдан туура. Мисалы бир жылды эле алалы. Соттор жылына канча айлык алат? Эмне мүлкү бар? Банкта канча акчасы бар?  Ушул үч суроонун жоопторун салыштырып келгенде эле айырма чыгып калат. Ошондо калган акчаны каяктан алдың?  деген суроо менен  эле мамлекеттик кызматкерди жоопкерчиликке тартса болот. Ал үчүн «Мыйзамсыз баю» деген берене бар. Ошону менен мамлекеттик кызмат коррупциядан тазаланып калмак.  

Ал үчүн атайын механизм иштелип чыгуусу керек жана мыйзамга  айрым өзгөртүүлөр  кирүүсү зарыл. Бул боюнча учурда Жогорку Кеңеш депутаттары жана серепчилер менен коомдук талкуу өткөрүү алдында турат. Мында соттордун көз карандысыздыгын камсыз кылуу ошол эле кезде жоопкерчилигинин күчөтүү каралган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Наталья  Никитенко маалымдады.

Биз берип жаткан сунушта так механизмдер көрсөтүлөт. Бул сунуш толук иштелип чыгат жана коомдун талкуусуна коюлат. Мында негизги эки артыкчылык бар. Биринчиси соттордун өздөрүнүн көз карандысыздыгын камсыз кылуу болсо, экинчиси алардын жоопкерчилигин күчөтүү. Соттор басым болуп жатат деп эле калбай, иштер толук иликтенип чыгышы керек. Анан албетте акыйкат чечим чыгаруу жолдорун түзүшүбүз маанилүү.

Соттордун акыйкат чечим чыгаруусу үчүн Жогорку соттун имаратынын тышына 27 жана ичине  44 видеокамера коюлду. Ошондой эле 6 сот залына тынымсыз аудиожазуу системасы  орнотулду. Заман талабына ылайык, технологиянын жардамы астында коррупциялык иштерге бөгөт коюлаарын Жогорку Сот аппаратынын өкүлү Нурдин Абдрасулов айтып өттү.

Соттор акыйкат  чечим чыгарбай  жатат деген кайрылуулар болот. Ошондуктан  соттошуп жаткан эки тарап сот залына видеокамера менен тартууга уруксат урашат. Эми мындай күмөн саноолорду жою үчүн Жогорку соттун имаратына видеокамералар орнотулду. Анын 44 ичине болсо, калган 27 сыртына коюлду. Алардын алтысында тынымсыз аудиожазуу жүрөт.

Ошентсе дагы соттордун акыйкат чечим чыгаруусун камсыз кыла турган мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүдө жарандык  коом, жалпыга маалымдоо каражаттары дагы кызыктар болушу керек деди, Кыргызстандагы юристтер ассоциациясынын төрагасы Жеңишбек Арзыматов.

Акыйкат чечим чыгышы үчүн бир гана президент эмес, буга жалпы коомчулук кызыктар болууга тийиш.  Буга кошумча баардык мамлекеттик органдар, президенттин жанындагы адамдар кол кабыш кылуусу керек. Ошондо гана жалпыланып айтылып келген сот системасындагы коорупцияны жоюуга болот.   

Кошумчалай кетсек, республика боюнча 440 судья бар. Алардын көпчүлүгү өз киреше жана чыгашаларын ачык көрсөтпөй келгени боюнча коомчулукта  сын токтобой келет.