Марал Радиосу

Орозбек Опумбаев УКМК төрагасынын биринчи орун басары болду

Орозбек Опумбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Белгилей кетсек, ал буга чейин аталган комитеттин Бишкектеги башкармалыгынын жетекчиси кызматын аркалаган.