Марал Радиосу

«Сосновка» постунда кышка даяр эмес унаалар өткөрүлбөй жатат

“Сосновка” постунда кышка даяр эмес унааларды инспекторлор үйлөрүнө жөнөтүүдө. Бул тууралуу Чүй облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

18-октябрда “Сосновка” постунда Төө-Ашуу ашуусу аркылуу жүрө турган унааларга текшерүү жүргүзүлгөн. Анда чоң жүк ташуучу транспорттук каражаттарга өзгөчө көңүл бурулду. Алардын тайгалак жолдорго туруштук бере аларына маани берилди.

Унааларды текшерүүдө атайын каражаттары жок айдоочуларды кайра артка жөнөтүлдү.

Exit mobile version