Марал Радиосу

Кытайда Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган иш чаралар өтөт

Үстүбүздөгү жылдын декабрь айында Кытайда Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган иш чараларды өткөрүү пландалган. Бул тууралуу Кытай Эл Республикасынын Маданият жана туризм министри Ло Шуган Кыргызстандын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова менен болгон жолугушууда билдирди.

Ал Кытай жарандары Чыңгыз Айтматов жакшы билишерин жана өзү жазуучунун чыгармаларын окуп чыкканын айтат.

Жолугушууда мындан тышкары, эки өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрү, маданий жана археологиялык мурастарды сактоо чөйрөсүндө кызматташуу маселелери талкууланды.