Москва шаарында өтчү XIX эл аралык Куран жарышына Кыргызстандан Жалил уулу Шергазы катышат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Аталган иш-чарага 30дан ашуун мамлекеттен келген каарылар Куранды жатка билүү боюнча ат салышып, жеңүүчүлөр «Хафиз» наамына ээ болушат.
Жыйынтыгы 21-октябрь күнү чыгып, сыйлык тапшыруу аземи өтөт. Анда Орусиянын Муфтийлер кеңеши тарабынан чакырылган дүйнөгө белгилүү хафиздер Куран окуп беришет.