Марал Радиосу

Кыргызстандык Москвадагы эл аралык Куран жарышына катышууда

Москва шаарында өтчү  XIX эл аралык Куран жарышына Кыргызстандан Жалил уулу Шергазы катышат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган иш-чарага 30дан ашуун мамлекеттен келген каарылар Куранды жатка билүү боюнча ат салышып, жеңүүчүлөр «Хафиз» наамына ээ болушат.

Жыйынтыгы 21-октябрь күнү чыгып, сыйлык тапшыруу аземи өтөт. Анда Орусиянын Муфтийлер кеңеши тарабынан чакырылган дүйнөгө белгилүү хафиздер Куран окуп беришет.