Марал Радиосу

Депутат: “НУР Телекомго” 2 лицензия мыйзамсыз берилген

Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети 2016-жылы “НУР Телеком” ААКына 2 лицензияны мыйзамсыз берген. Бул тууралуу депутат Айнуру Алтыбаева парламент жыйынында билдирди.

Анын айтымында, байланыш агенттиги лицензияны аукцион өткөрбөй туруп берген. Биринчи лицензия 5 МГц үчүн 300 млн сомго берилген. Экинчиси да ушундай эле көлөмдө бирок 1000 сомго берилген. Депутат бул жерде жеке кызыкчылыктар бар экенин айтууда.

Ошондой эле бул окуяга тийиштүү органдар укуктук баа бериши керектигин талап кылды.